# “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2025
- Редакциянын күнү: 29.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39406>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39406>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39406.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди (29.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39406

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты кесиптик жогорку билим берүүнүн адистештирилген мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоого бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Мыйзам менен «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренеси төмөнкүдөй ченемди караган 9-1-бөлүгү менен толукталды:

Курсанттар (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алардын мыйзамдуу өкүлдөрү) аларды окутууга жумшалган бюджеттик каражаттарды төмөнкүдөй учурларда мамлекетке ордун толтуруп берүүгө милдеттүү:

1) окуудагы жетишпегендиги, тартипсиздиги үчүн, соттолгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билим берүү уюмунан чыгарылганда;

2) алардын демилгеси боюнча окуу мезгилинде же болбосо аскердик окуу жайын аяктаганда аскердик кызмат өтүүдөн баш тартканда.
