Аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияны ташуу жаатында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 28-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 2015-жылдын 15-сентябрындагы Аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияны ташуу жаатында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Бул Мыйзамдын максаты “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.
Алсак, ушул Мыйзам менен 2024-жылдын 28-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 2015-жылдын 15-сентябрындагы Аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияны ташуу жаатында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду (мындан ары – Протокол) ратификациялоо сунушталат.
Ушуну менен бирге, Протоколду кабыл алуу аскердик жана башка түзүмдөрдү, алардын кыймылдуу мүлктөрүн, аскердик багыттагы продукцияларды, ошондой эле Түзүмдөрдүн командачылыгына дайындалган өздүк курамды ташууну уюштурууда жана аткарууда, алар дайындалышы боюнча милдеттерди аткарууда кечиктирилгис чаралар көрүлгөн учурда оперативдүүлүктүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет, ошондой эле ташууларды уюштуруу жана камсыз кылуу менен байланышкан маселелерди, анын ичинде бул түзүлүштөрдүн биргелешкен машыгууларга жана күтүүсүз текшерүүлөргө катышуусун укуктук жөнгө салууну камсыздайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.