# ЖАМК төрагасы Чынгыз Кожошевге сөгүш жарыяланды

- Толук аталышы: ЖАМК төрагасы Чынгыз Кожошевге сөгүш жарыяланды
- Актынын түрү: Распоряжение
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2025
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39387>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/23/39387>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАМК төрагасы Чынгыз Кожошевге сөгүш жарыяланды (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39387

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз

Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын 54-пунктунун “а” пунктчасына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Кожошев Чынгыз Эргешбаевичке сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди.

Тартиптик жаза укук тартибин камсыздоого тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү жана аскер кызматкерлеринин өз жанын кыюусу түрүндөгү оор кесепеттерге алып келген өздүк курамдын арасындагы уставдык эмес мамилелердин алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрбөгөндүгү үчүн берилди.
