# Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2025
- Редакциянын күнү: 21.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39379>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39379>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39379.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды (21.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39379

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам жогоруда белгиленген Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууга багытталган.

Бул Макулдашууда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана почтаны ташууну кошо алганда, үзгүлтүксүз каттамдарды аткаруу үчүн укуктук негиздерди түзүү каралган. Түз аба каттамынын ачылышы эки өлкөнүн ортосундагы бардык негизги багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө түрткү болот.
