# Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек аралардын кесилишүү чекити жөнүндө келишим ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек аралардын кесилишүү чекити жөнүндө келишим ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39363>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39363>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39363.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек аралардын кесилишүү чекити жөнүндө келишим ратификацияланды (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39363

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 31-мартында Хожент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Алсак, ушул Мыйзам менен 2025-жылдын 31-мартында Хожент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимди ратификациялоо сунушталат.
