Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Кытай Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 5-февралында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Жогоруда белгиленген Макулдашуу эки өлкөнүн жарандары үчүн Кыргыз Республикасына карата курагы, майыптыгы, багуучусунан айрылгандыгы боюнча камсыздандырууга (республикалык бюджеттен кепилдиктерди эсепке албастан), ошондой эле Кытай Эл Республикасына карата кызматкерлерди карылыгы боюнча базалык камсыздандырууга, шаардын жана айылдын тургундары үчүн карылыгы боюнча базалык камсыздандырууга укуктарды алуу боюнча бирдей шарттарды түзөт.
Макулдашууга ылайык, пенсияларды, анын ичинде сөөк коюуга жөлөкпулду, багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсияны эсептөө жана төлөө ошол адам тийиштүү түрдө ушул пенсияга укук алган макулдашуучу тараптын мамлекетинин мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Макулдашууда макулдашуучу тараптардын ыйгарым укуктуу органдары административдик макулдашуу түзүшөт, анда бул Макулдашууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон чаралар баяндалат деп белгиленген.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасына карата ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду саналат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.