# «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 11.07.2025
- Редакциянын күнү: 11.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39343>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39343>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39343.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди (11.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39343

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты кирешелерин эсепке албастан квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлүүчү адамдардын чөйрөсүн көбөйтүү жана жарандык иштердин категориясын кеңейтүү болуп эсептелет.

Мыйзам менен «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин 41-бөлүк менен толукталды, ага ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине же камкорчуларына кирешеси эсепке алынбастан квалификациялуу юридикалык жардам берилет:

1) никени бузуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

2) ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

3) алимент өндүрүү жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

4) балдардын жашаган жерин аныктоо жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

5) бала менен баарлашуу тартибин аныктоо жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

6) өз балдарын материалдык жактан багуу жана турак жай менен камсыз кылуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

7) уюштуруу-укуктук формасына карабастан, бардык типтеги жана түрдөгү мектепке чейинки, жалпы билим берүү (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик (башталгыч, орто жана жогорку) билим берүү уюмдарында окуган өз балдарын багуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

8) туруктуу акчалай суммадагы кошумча чыгымдарды өндүрүү жөнүндө доолор боюнча тараптарга.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
