# “Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

- Толук аталышы: “Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2025
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39286>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39286>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39286.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39286

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ишин өркүндөтүү, ошондой эле ыкчам-иликтөө ишмердигин жүргүзүүдө адам укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоонун кепилдиктерин жогорулатуу болуп саналат.

Мыйзамга ылайык ыкчам-иликтөө иш-чаралары жарандардын конституциялык укуктарын чектебөөчү жана атайын тергөө аракеттери боюнча жүргүзүлүүчү болуп бөлүнөт (7-берене).

Мыйзамдын 14, 15, 16 жана 17-беренелеринде ыкчам-иликтөө ишмердигин (мындан ары – ЫИИ) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар, алардын укуктары, милдеттери, ЫИИ жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарын социалдык жана укуктук коргоо аныкталган. Ошондой эле 18 жана 19-беренелерде ыкчам-иликтөө иш-чараларын даярдоого же жүргүзүүгө жарандарды тартуунун тартиби жана шарттары, ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдарды коргоонун кепилдиктери каралган.

Мыйзамдын 22 жана 23-беренелеринде ЫИИ прокурордук көзөмөлдү жана ведомстволук контролду жүргүзүүнүн тартиби каралып, ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашырууну уюштуруу, анын тактикасы, усулдары жана каражаттары жөнүндө маалыматтар прокурордук көзөмөлгө алынбайт экендиги белгиленет.

Мыйзам менен 1998-жылдын 16-октябрындагы (2001-жылдан тартып 2023-жылга чейин кабыл алынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бирге) колдонуудагы “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп табылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
