# “Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

- Толук аталышы: “Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2025
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39283>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39283>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39283.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39283

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты балдарды мобилдүү түзүлүштɵрдүн терс таасиринен жана кибербуллинг тобокелдигинен коргоо болуп саналат.

Мыйзамдын милдеттери болуп тɵмɵнкүлɵр саналат:

– окуу процессинде мобилдүү түзүлүштɵрдү пайдаланууну жөнгө салуу жана коопсуз, этикалуу билим берүү чɵйрɵсүн түзүү;

– санариптик сабаттуулук жана мобилдүү түзүлүштɵр менен маалыматтык технологияларды аң-сезимдүүлүк менен пайдалануу жɵндɵмдɵрүнɵ окутуу;

– жаңы кɵйгɵйлɵрдү жана технологияларды эске алуу менен коомду натыйжалуу ɵнүктүрүүгɵ жаш муунду даярдоо.

Мыйзамда жалпы билим берүү уюмунда мобилдүү түзүлүштɵрдү пайдаланууну жөнгө салуу принциптери, билим берүү процессинде мобилдүү түзүлүштɵрдү пайдалануу саясаты, билим берүү чөйрөсүндө кибербуллинге жана жол берилгис контентке каршы күрɵшүү боюнча чаралар, кибербуллинг жана жол берилгис контентти таратуу фактыларын кароо үчүн жалпы билим берүү уюмунун жетекчилигинен, мугалимдерден жана ата-энелерден турган курамында 5 адам болгон туруктуу комиссияны түзүү, ошондой эле аталган комиссиянын укуктары каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
