# Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы Коопсуздук жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы Коопсуздук жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2025
- Редакциянын күнү: 20.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39262>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39262>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39262.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы Коопсуздук жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды (20.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39262

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Коопсуздук жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Коопсуздук жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну күчүнө кирүүсү боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган (мындан ары – Макулдашуу).

Макулдашуу коопсуздук жаатында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн укуктук негизди түзүүнү карайт. Эл аралык терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, уюшкан кылмыштуулукка, киберкылмыштуулукка каршы аракеттенүү, кадрларды даярдоо маселелери эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыгы болуп саналат.
