# “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

- Толук аталышы: “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2025
- Редакциянын күнү: 17.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39248>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39248>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39248.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду (17.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39248

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:

– Улуттук илимдер академиясынын укуктук статусу, ишинин максаттары, негизги милдеттери жана функциялары;

– Улуттук илимдер академиясынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартиби;

– Улуттук илимдер академиясынын башкаруу органдары жана мекемелери тууралуу жоболор;

– Улуттук илимдер академиясын каржылоо жана мүлкү тууралуу жоболор;

– Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин материалдык жана социалдык камсыздоо тууралуу жоболор ж.б.
