# Укук бузуулар жөнүндө кодекске, “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: Укук бузуулар жөнүндө кодекске, “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2025
- Редакциянын күнү: 12.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39237>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39237>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39237.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Укук бузуулар жөнүндө кодекске, “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди (12.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39237

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасынын (мындан ары – УББР АМС) процесстерин координациялоонун жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын (мындан ары – ИИО) ишмердигин оптималдаштыруу болуп саналат.

Тактап айтканда, Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

- УББР АМСтин ээси катары ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органды аныктоо;

- Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө Жобону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитүү;

- Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү, ошондой эле жалпы статистикалык маалыматтарды түзүү жана башка ведомстволорго жана инстанцияларга маалыматтарды берүү боюнча ИИОнун ыйгарым укуктарын кеңейтүү.
