# “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

- Толук аталышы: “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду
- Актынын түрү: Указ
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2025
- Редакциянын күнү: 05.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39210>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/22/39210>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39210.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду (05.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39210

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыкка кол койду, ага ылайык Кыргыз Республикасын андан ары динамикалуу жана комплекстүү өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети: – алты айлык мөөнөттө 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана кабыл алсын; – ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, сот бийлигинин органдарына, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларын, стратегияларын, программаларын) жана иш-чаралар пландарын 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык келтирүү сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгы 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын аткарылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турсун.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 “2026-жылга № 178, 05.06.2025 Кол койгон: Жапаров С.Н., 05.06.2025 чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 210 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгы.
