# Президенттин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 “Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизилди

- Толук аталышы: Президенттин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 “Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизилди
- Актынын түрү: Указ
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2025
- Редакциянын күнү: 28.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39190>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/22/39190>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39190.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Президенттин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 “Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизилди (28.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39190

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 “Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу процессинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 “Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:

“31. Ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн артыкчылыктуу багыттарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн берилүүчү мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуунун тартибин иштеп чыксын жана кабыл алсын;

2) жер участогун тоорукка коюуда анын баштапкы (резервдик) баасын эл аралык стандарттарга, ошондой эле мыкты жана кыйла натыйжалуу пайдаланууну милдеттүү талдоо жана долбоордун болжолдонгон акча агымдарын, инфраструктуралык камсыздалышын жана улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун статусу менен берилүүчү жеңилдиктерди эске алган кирешелүү мамиле менен Кыргыз Республикасынын мүлкүн баалоо стандарттарына ылайык көз карандысыз баалоочу тарабынан аныкталган рыноктук нарктын өлчөмүндө белгилесин.”.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
