# “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2025
- Редакциянын күнү: 29.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39187>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39187>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди (29.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39187

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, шериктиктин башкармалыгынын курамына жашы жеткен, экономикалык кылмыштар боюнча соттуулугу жок жана/же соттуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алып салынган жана/же жоюлган, аракетке жөндөмдүү адам шайланышы мүмкүн.

Шериктиктин башкармалыгынын төрагасына жогорудагы талаптар коюлган жана Кыргыз Республикасынын жарандыгы боюнча талап коюлган.

Эгерде башкармалыктын мүчөлөрүнүн аракеттери же аракетсиздиги турак жай ээлеринин кызыкчылыктарына зыян келтирип жатса, алар чакыртып алынышы мүмкүн.
