# Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2025-жылы каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2025-жылы каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2025
- Редакциянын күнү: 23.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39177>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39177>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39177.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2025-жылы каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашуу ратификацияланды (23.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39177

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2025-жылы каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Макулдашуу 2025-жылы Азия өнүктүрүү банкынан (мындан ары – АӨБ) инвестициялык долбоорлорду жана программаларды каржылоону карайт.

Каржылоонун жалпы суммасы:

– 74 800 000 АКШ доллары (жетимиш төрт миллион сегиз жүз миң) АӨБ атайын фонддорунун каражаттарынан грант түрүндө;

– 147 200 000 АКШ доллары (жүз кырк жети миллион эки жүз миң) АӨБнын кадимки капиталынан жеңилдетилген кредиттер түрүндө.
