Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2025-жылы каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашуу ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2025-жылы каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Макулдашуу 2025-жылы Азия өнүктүрүү банкынан (мындан ары – АӨБ) инвестициялык долбоорлорду жана программаларды каржылоону карайт.
Каржылоонун жалпы суммасы:
– 74 800 000 АКШ доллары (жетимиш төрт миллион сегиз жүз миң) АӨБ атайын фонддорунун каражаттарынан грант түрүндө;
– 147 200 000 АКШ доллары (жүз кырк жети миллион эки жүз миң) АӨБнын кадимки капиталынан жеңилдетилген кредиттер түрүндө.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.