«Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду, ага ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын (статусун) жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзүнүн укуктук абалын 2025-жылдын 10-июнуна чейин мыйзамдаштыруу мүмкүндүгү берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобону белгиленген тартипте бекитсин.
3. Визасынын, жашап турууга уруксатынын колдонуу мөөнөтү өткөн же болбосо жашап турууга уруксаты жокко чыгарылган, жүргөн укугун ырастоочу документтери (каттоосу, эмгек ишин жүзөгө ашырууга уруксаты) жок же болбосо мөөнөтү өтүп кеткен мындай документтерди колдонгон, же болбосо мыйзамдуу жүргөн мөөнөтү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынан чыгуудан баш тарткан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында кирүүдө билдирилгенге шайкеш келбеген максатта жүргөн, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүүнүн эрежелерин сактабаган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам ушул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн Убактылуу жободо аныкталган тартипте ыктыярдуу мыйзамдаштырылган учурда ал Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтен бошотулат деп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
5. Тышкы миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча, анын ичинде маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү боюнча бардык чараларды көрсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.