# Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизилди

- Толук аталышы: Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2025
- Редакциянын күнү: 19.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39159>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39159>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизилди (19.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39159

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 291 жана 31-беренелерин ишке ашыруу болуп саналат.

Тактап айтканда, Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин (мындан ары – Кодекс) төмөндөгүлөр үчүн жоопкерчиликти бекемдеген ченемдер менен толуктоо каралган:

- жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө талаптарды бузуу;

- жеке маалыматтарды мыйзамдарда белгиленген тартипти бузуу менен трансчек аралык берүү;

- жеке маалыматтар массивин кармоочунун (ээсинин) субъектиге анын жеке маалыматтарын берүүдөн негизсиз баш тартуу;

- жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо.

Ошондой эле, Мыйзам менен жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүү мыйзамдарды бузууларды табуу жана укук бузуучуларга карата жоопкерчилик чараларын колдонуу боюнча ыйгарым укуктарды бекиткен Кодекстин 51-главасына өзгөртүү киргизүү сунушталат.
