# “Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

- Толук аталышы: “Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2025
- Редакциянын күнү: 16.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39149>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39149>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39149.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду (16.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39149

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам менен төмөнкү калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү каралган:

– Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагынын Атантай калктуу конушу;

– Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С. Атабеков айыл аймагынын Кыдырша калктуу конушу;

– Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Арык-Уулу калктуу конушу;

– Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Гүлистан калктуу конушу;

– Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Бер-Булак калктуу конушу.

Ошондой эле кабыл алынган Мыйзам менен жаңы түзүлгөн айылдардын чек араларынын баяндалышы бекитилүүдө.
