Айрым мыйзам актыларга (“Жол кыймылы жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана аны менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизилди
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана аны менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Бул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасында камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү үчүн жана турак жайды милдеттүү камсыздандыруу менен калкты максималдуу камтууну камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо жарандарды күтүлбөгөн жагдайлардан жана кыймылсыз мүлккө келтирилген зыяндан социалдык, ошондой эле камсыздандыруу жагынан коргоону камсыз кылуу болуп саналат.
Ошондой эле Мыйзам күрөө мамилелерин укуктук жактан жөнгө салууну жакшыртууга багытталган, мында ачык-айкындуулук жана тартылган тараптардын кызыкчылыктарын коргоо каралган.
Мындан тышкары Мыйзам автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу келишимин (келишимдерин) түзүү боюнча милдет автотранспорт каражаттарынын ээлерине жүктөлөрүн белгилейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.