# Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2025
- Редакциянын күнү: 17.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39045>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39045>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39045.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды (17.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39045

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну, Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор боюнча макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам жогорудагы Макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында иштелип чыгып, кабыл алынган.

Макулдашуулар билим берүүнүн сапатын жакшыртууга, маданий жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө, суу менен камсыз кылууга жана ирригацияга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны модернизациялоого, бизнести ачуу же кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүгө, аялдар, жаштар жана калктын аялуу топтору үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине экономикалык жана региондук өнүгүүнү илгерилетүүгө колдоо көрсөтүүнүн алкагында Дүйнөлүк банктын линиясы боюнча Улуттук долбоорду каржылоонун жалпы суммасы 27,0 млн АКШ доллары, анын ичинен 25,0 млн АКШ доллары кредиттик каражаттар жана 2,0 млн АКШ доллары гранттык каражаттар. Долбоорду ишке ашыруу мезгили 2025–2029-жылдар болуп саналат.
