# Президенттин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Президенттин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: Президенттин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Президенттин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Указ
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2025
- Редакциянын күнү: 10.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39028>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/22/39028>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39028.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Президенттин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Президенттин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөр киргизилди (10.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39028

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

–.I бөлүмдүн 1-главасынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Коопсуздук кеңешинин катчысы, Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү, Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү”.

2..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 34 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

3..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1).жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү ушул Жарлыктын 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2).жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санына ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

4..Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1).Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 160 “Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү жөнүндө” Жарлыгы;

2).Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 50 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыгынын 2-пунктунун 1-пунктчасы.
