Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Президенттин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Президенттин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөр киргизилди
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
1..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
–.I бөлүмдүн 1-главасынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Коопсуздук кеңешинин катчысы, Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү, Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү”.
2..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 34 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1).жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү ушул Жарлыктын 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2).жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санына ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
4..Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1).Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 160 “Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү жөнүндө” Жарлыгы;
2).Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 50 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыгынын 2-пунктунун 1-пунктчасы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.01.2017 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 22.02.2023 · № 34
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-декабрындагы ПЖ № 336 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө" жарлыгыУказ · 08.12.2023 · № 336
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 17-февралы ПЖ № 50 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым…Указ · 17.02.2025 · № 50
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы ПЖ N 160 "Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 20.05.2022 · № 160 · Күчүн жоготкон