# “Мунапыс беруу негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: “Мунапыс беруу негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2025
- Редакциянын күнү: 08.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-39027>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/39027>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-39027.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Мунапыс беруу негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди (08.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-39027

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Мунапыс беруу негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Ушул мыйзам “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана жаза аткаруу мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан жана кабыл алынган.

Мыйзамда “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүн төмөндөгү мазмундагы пункттар менен толуктоо каралган:

– террористтик ишти каржылоо;

– көпчүлүк алдында террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакырууларды жасоо;

– уюшкан топторду жана кылмыштуу уюмдарды (жамааттарды) каржылоо;

– курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү;

– диверсия.

Ошентип, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр менен “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кылмыштардын жаңы түрлөрү менен толукталууда, атап айтканда: террористтик ишти каржылоо, террористтик ишти жүзөгө ашырууга ачык чакырыктарды жасоо, уюшкан топторду жана кылмыштуу уюмдарды (жамааттарды) каржылоо, куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү, ошондой эле диверсия. Бул кылмыштар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253, 255, 263, 267 жана 325-статьяларында каралган жана алар жасалган учурда мунапыс колдонулбайт.
