# Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2025
- Редакциянын күнү: 25.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-38976>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/38976>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-38976.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды (25.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-38976

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Макулдашуу эки мамлекеттин жарандарынын тоскоолдуксуз жүрүүсүн, транспорт каражаттарынын өтүүсүн жана жүктөрүн ташууну камсыз кылууга багытталган. Макулдашуунун алкагында эки автомобиль жолун долбоорлоо жана куруу каралган, алар Макулдашуу күчүнө кирген учурдан тартып бейтарап макамына (статуска) ээ болушат:

– “Дача – Капчыгай” (“Ходжаи Аъло – Ворух”) Капчыгай калктуу конушунун чыгыш тарабын айланып өтөт;

– “Миң-Өрүк – Самаркандек” (“Ориено-Шуристон”) Сурх калктуу конушунун түндүк тарабын айланып өтөт.

“Дача – Капчыгай” (“Ходжаи Аъло – Ворух”) автомобиль жолун Тажикстан Республикасы колдонот, “Миң-Өрүк – Самаркандек” (“Ориено-Шуристон”) автомобиль жолу Кыргыз Республикасы тарабынан пайдаланылат.

Ошол эле учурда, Макулдашуу менен “Ош – Раззаков” жана “Исфара – Ворух” автомобиль жолдорунун кесилишин биргелешип ыңгайлаштыруу жана пайдалануу каралат, ал дагы бейтарап макамга ээ болот жана бирдей укукта пайдалануусу каралат.
