Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам кыргыз-тажик Мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн аныктоо максатында жана 2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы келишимди таануу жана ратификациялоо боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу үчүн иштелип чыккан жана кабыл алынган.
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек ара боюнча келишимдик-укуктук жана ченемдик-укуктук базаны түзүү туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган, эки мамлекеттин жарандары үчүн, өзгөчө чек арага жакын аймактардагы жарандар үчүн жагымдуу шарттарды, ошондой эле мындан аркы эки мамлекеттин ортосундагы натыйжалуу социалдык, экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкка өбөлгө түзөт.
*****
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.