# Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Жеке сектордун операцияларын уюштуруу жөнүндө алкактык макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Жеке сектордун операцияларын уюштуруу жөнүндө алкактык макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2025
- Редакциянын күнү: 19.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-38946>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/38946>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-38946.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Жеке сектордун операцияларын уюштуруу жөнүндө алкактык макулдашуу ратификацияланды (19.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-38946

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 22-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Жеке сектордун операцияларын уюштуруу жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Макулдашуу ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун (мындан ары – ОПЕК фонду) финансылык ресурстарын тартуунун эсебинен жеке сектордун операцияларын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзөт.

Макулдашууга ылайык ОПЕК фонду 1976-жылдын 28-январында Парижде кол коюлган ОПЕК фондун түзүү жөнүндө макулдашууда, учурдагы редакцияда каралган ишти Кыргыз Республикасынын аймагында эркин жүзөгө ашыра алат, анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен, зайымдарды берүү жана/же долбоорду каржылоого кепилдиктер, Кыргыз Республикасында катталган компаниялардын акцияларын сатып алуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык алар тарабынан уруксат берилген бардык инструменттер аркылуу карыз алуу, ошондой эле мындай каражаттарды кармоо, пайдалануу жана тескөө жана каалаган валютада эсептерди жүргүзүү каралган.

Тактап айтканда, ОПЕК фонду өзүнүн долбоорун баалоонун негизинде жеке сектордун долбоорлорун каржылоо чечимин эркин кабыл алат. Каржылоо шарттары тобокелдиктерге жана бир катар рыноктук факторлорго көз каранды жана алар атайын механизм боюнча ар бир долбоорго жекече аныкталып, пайыздык чендер 1,5 %дан башталат.
