# Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Кытайдын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-кытай достугунун көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Кытайдын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-кытай достугунун көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2025
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-38942>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/38942>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-38942.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Кытайдын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-кытай достугунун көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-38942

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 26-сентябрында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-кытай достугунун көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Жогоруда белгиленген Макулдашуу менен Ош облусунун Алай районундагы Ош – Сары-Таш – Эркештам автожолунда жайгашкан Эркештам чек ара пунктунда узундугу 187 метр болгон көпүрө куруу каралган. Көпүрөнү кытай тарап курат, курулуш аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылган бардык иштер кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет.

Макулдашууну ратификациялоо Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, эки өлкөнүн ортосундагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга болгон суроо-талапты канааттандыруу, ошондой эле теңдик принциптеринин жана макулдашылган консультациялардын негизинде достук кызматташтыкты жана алмашууларды чыңдоо үчүн шарттарды түзөт.
