# “Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө укуктук режим бар атайын инвестициялык аймакты жана англис укугун колдонуу менен талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча көз карандысыз эл аралык борборду түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

- Толук аталышы: “Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө укуктук режим бар атайын инвестициялык аймакты жана англис укугун колдонуу менен талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча көз карандысыз эл аралык борборду түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду
- Актынын түрү: Указ
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2025
- Редакциянын күнү: 17.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-38937>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/22/38937>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-38937.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө укуктук режим бар атайын инвестициялык аймакты жана англис укугун колдонуу менен талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча көз карандысыз эл аралык борборду түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду (17.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-38937

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө укуктук режим бар атайын инвестициялык аймакты жана англис укугун колдонуу менен талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча көз карандысыз эл аралык борборду түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналары айтылган.

Бул максаттарда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан инвесторлордун, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлордун иши үчүн жагымдуу укуктук жана башка шарттарды түзүү боюнча комплекстүү системалуу чаралар ишке ашырылууда. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын

30-июнундагы № 352 “2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программаны бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген 2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программа кабыл алынды.

Бирок эл аралык финансылык-экономикалык системасындагы өзгөрүүлөрдүн жогорку интенсивдүүлүгүнүн шарттарында, инвестициялык капиталды тартуу максатында түзүлгөн механизмдердин глобалдык атаандаштыгы кырдаалында, ошондой эле банктык, финансылык жана соода-экономикалык процесстер чек аралар жана/же юрисдикциялар менен байланышпаган кырдаалда ар кандай чөйрөлөрдө, анын ичинде финансылык, банктык, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жана башкаларда инвестициялык жагымдуулукту андан ары өркүндөтүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүү зарыл.

Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун кепилдиктерин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66,

71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө укуктук режим бар атайын инвестициялык аймакты жана англис укуктук системасынын ченемдерин жана принциптерин, ошондой эле жалпы укук системасынын башка юрисдикцияларын колдонуу менен талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча көз карандысыз эл аралык борборду түзүү зарыл деп эсептелсин.

2. Ушул Жарлыктын 1-пунктунда белгиленген милдеттерди ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ (мындан ары – ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

3. Ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топко төмөнкү функциялар жүктөлсүн:

– жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруу жана ушул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча ишти координациялоо;

– эксперттердин жана консультанттардын сунуштарын эске алуу менен ушул Жарлыкты ишке ашырууда иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, кароо жана жактыруу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүү;

– өзгөчө укуктук режим бар атайын инвестициялык зонаны жайгаштыруу үчүн зарыл болгон инфраструктураны даярдоо жана чек араларды аныктоо боюнча сунуштамаларды киргизүү;

– талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча көз карандысыз эл аралык борбордун карамагына киргизилиши мүмкүн болгон талаш-тартыштардын категорияларын аныктоо боюнча сунуштарды киргизүү (англис укуктук системасынын ченемдерин жана принциптерин, ошондой эле жалпы укук системасынын башка юрисдикцияларын колдонуу менен);

– эл аралык консультанттарды жана эксперттерди ишке тартуу;

– башка уюштуруу чараларын иштеп чыгуу.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– өзгөчө укуктук режим бар атайын инвестициялык зонаны түзүүнү камсыз кылуучу улуттук мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыгууну жана кабыл алууну кошкондо, бул Жарлыкты ишке ашырууга токтоосуз киришсин;

– зарыл болгон учурда англис укугун, ошондой эле жалпы укук системасынын башка юрисдикцияларын колдонуу менен арбитраждык жол-жоболорго адистешкен эл аралык консультанттарды жана эксперттерди ишке тартсын;

– бул Жарлыкты ишке ашырууга багытталган тиешелүү мыйзамдардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

– бул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды, анын ичинде эл аралык консультанттарга жана эксперттерге чыгымдарды бөлүүнү камсыз кылсын;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
