# Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2025
- Редакциянын күнү: 17.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-38933>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/38933>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-38933.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди (17.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-38933

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жана 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 “Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан жана кабыл алынган, ошондой эле анын ченемдери баңги кылуучу каражаттарды колдонууга жарнама кылуу (реклама) жана эл алдында ачык чакыруу менен байланышкан аракеттер үчүн жазаларды катуулатууга, таасири күчтүү заттарды анча чоң эмес жана өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан аракеттер үчүн жазаларды катуулатууга жана кылмыштын түрүнө карата айрымалоого (дифференциация) багытталган.

Укук бузуулар жөнүндө кодекске сатуу максаты жок аз өлчөмдө күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн жоопкерчиликти караган 101-1-беренени киргизүү сунушталганын эске алуу менен, ошондой эле сатуу максатында да, ансыз да чоң эмес, ири жана өзгөчө ири өлчөмдөрдө күчтүү таасир этүүчү заттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан жосундарды жасагандыгы үчүн жазаларды катуулатуунун жана дифференциациялоонун жазык-укуктук тутумун түзүүнү аяктоо максатында Кылмыш-жаза кодекси жаңы ченем менен толукталып, анын ичинде сатып өткөрүү максаты жок күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилик каралган.
