# Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө келишим ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө келишим ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2025
- Редакциянын күнү: 17.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-38932>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/38932>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-38932.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө келишим ратификацияланды (17.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-38932

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө Келишимди таануу жана ратификациялоо боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу, ошону менен катар жарандарынын конституциялык укуктарын коргоо жана өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, жазык-укуктук чөйрөдөгү кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн иштелип чыккан жана кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Өзбекстан Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын соттолгон 43 жараны, ал эми Кыргыз Республикасында соттолгон Өзбекстан Республикасынын 96 жараны жазасын өтөп жатат.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда келишимдик-укуктук базаны түзүү максатында эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө бул Келишим иштелип чыккан, анын жоболору тараптардын жол-жоболорун, укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле соттолгондорду жазаны андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү шарттарын аныктайт.
