# КМШга катышкан мамлекеттерге жөнөтүлүүчү делегациялардын укуктук статусу жөнүндө конвенция ратификацияланды

- Толук аталышы: КМШга катышкан мамлекеттерге жөнөтүлүүчү делегациялардын укуктук статусу жөнүндө конвенция ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2025
- Редакциянын күнү: 14.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-38924>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/38924>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-38924.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КМШга катышкан мамлекеттерге жөнөтүлүүчү делегациялардын укуктук статусу жөнүндө конвенция ратификацияланды (14.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-38924

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 8-октябрында Москва шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттерге жөнөтүлүүчү делегациялардын укуктук статусу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Жогоруда белгиленген Конвенция Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин эл аралык достук өз ара аракеттенүүсүн жана өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Конвенция КМШга катышкан мамлекеттердин делегацияларынын сапарларын уюштуруунун практикалык маселелерин эл аралык-укуктук деңгээлде жөнгө салат.

Конвенцияда делегацияларды жөнөтүү жана тийиштүү персоналды дайындоо тартиби, делегация мүчөлөрүнүн өз функцияларын аткарышы үчүн зарыл болгон артыкчылыктарды жана иммунитеттерди жөнгө салган маселелер, ошондой эле бажы формалдуулугу боюнча маселелер ж.б. аныкталган.
