КМШга катышкан мамлекеттерге жөнөтүлүүчү делегациялардын укуктук статусу жөнүндө конвенция ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 8-октябрында Москва шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттерге жөнөтүлүүчү делегациялардын укуктук статусу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Жогоруда белгиленген Конвенция Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин эл аралык достук өз ара аракеттенүүсүн жана өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Конвенция КМШга катышкан мамлекеттердин делегацияларынын сапарларын уюштуруунун практикалык маселелерин эл аралык-укуктук деңгээлде жөнгө салат.
Конвенцияда делегацияларды жөнөтүү жана тийиштүү персоналды дайындоо тартиби, делегация мүчөлөрүнүн өз функцияларын аткарышы үчүн зарыл болгон артыкчылыктарды жана иммунитеттерди жөнгө салган маселелер, ошондой эле бажы формалдуулугу боюнча маселелер ж.б. аныкталган.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.