# “Мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

- Толук аталышы: “Мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду
- Актынын түрү: Указ
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2025
- Редакциянын күнү: 10.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-38805>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/22/38805>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-38805.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду (10.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-38805

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Ошондо, коомдун кызыкчылыктарына кызмат кылууга багытталган, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын калыптандыруу, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы № 146 “Кыргыз Республикасынын 2023-2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2023-2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алуу менен токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын юстиция министри Баетов Аяз Батыркулович айкалыштырып иштөө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору болуп дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директоруна Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо жана камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды жүктөө менен 2025-жылдын 1-октябрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын статусу берилсин.
