# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Таиланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Таиланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2025
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-38789>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/38789>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-38789.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Таиланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашуу ратификацияланды (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-38789

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич “2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Таиланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Жогоруда белгиленген Макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын – дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери, Таиланд Королдугунун жарандарынын – дипломаттык жана расмий паспортторунун ээлери эгерде бир Тараптын мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында башка иш, эмгек же ишкердик менен алектенбеген шартта, Макулдашуунун тараптарынын аймагына кирүү, чыгуу, транзит жана болуу үчүн кирген күндөн тартып токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптардан бошотулары каралган. Макулдашууну ратификациялоо ишкердик мобилдүүлүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана жарандарды – дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлерин Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында жүрүүсүн жеңилдетет.
