# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кипр Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кипр Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2025
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-38785>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/38785>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-38785.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кипр Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-38785

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кипр Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамдын максаты 2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кипр Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жолу менен мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Аталган Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Кипр Республикасынын жарандарынын дипломаттык паспортторунун ээлери макулдашуунун тараптарынын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү жана жүрүү үчүн визалык талаптардан кирген күндөн тартып 180 (жүз сексен) күндүн ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулары каралган.
