Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кипр Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кипр Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзамдын максаты 2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кипр Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жолу менен мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.
Аталган Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Кипр Республикасынын жарандарынын дипломаттык паспортторунун ээлери макулдашуунун тараптарынын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү жана жүрүү үчүн визалык талаптардан кирген күндөн тартып 180 (жүз сексен) күндүн ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулары каралган.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.