# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Черногориянын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Черногориянын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2025
- Редакциянын күнү: 27.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-38781>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/38781>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-38781.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Черногориянын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификацияланды (27.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-38781

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 26-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Черногориянын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2024-жылдын 26-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Черногориянын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары – Макулдашуу) күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.

Аталган Макулдашуу менен дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери болуп саналган эки тараптын мамлекеттеринин жарандары 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө өлкөгө кирүү, транзит менен өтүү, анда болуу же экинчи тараптын мамлекетинин аймагынан чыгуу үчүн өлкөгө келген биринчи күндөн баштап 180 (жүз сексен) күнгө виза алуу талабынан бошотуу каралган.
