Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Черногориянын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 26-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Черногориянын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам 2024-жылдын 26-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Черногориянын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары – Макулдашуу) күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.
Аталган Макулдашуу менен дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери болуп саналган эки тараптын мамлекеттеринин жарандары 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө өлкөгө кирүү, транзит менен өтүү, анда болуу же экинчи тараптын мамлекетинин аймагынан чыгуу үчүн өлкөгө келген биринчи күндөн баштап 180 (жүз сексен) күнгө виза алуу талабынан бошотуу каралган.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.