# “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2025
- Редакциянын күнү: 20.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-38763>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/38763>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-38763.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди (20.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-38763

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам “Транспорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ортосундагы коллизияны жоюу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрында № 548 “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн иштелип чыккан.

Мыйзам менен жол коопсуздугун жогорулатуу үчүн жеңил таксилердин ишин лицензиялоону киргизүү каралган.

Мындан тышкары, Мыйзам менен автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу (анын ичинде жеңил таксилерге дагы) жана автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташуулар иштеринин лицензияларынын колдонуу мөөнөтүн чектөө киргизилүүдө.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул берененин экинчи абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
