# "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамга кол коюлду

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамга кол коюлду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2023
- Редакциянын күнү: 01.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-2728>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/2728>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-2728.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамга кол коюлду (01.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-2728

---

Кыргыз Республикасынын Президенти "Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду.

Конституциялык Мыйзам 2023-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Конституциялык Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын укуктук статусу, укуктук негиздери жана ишинин принциптери аныкталат.

Конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин аткарылышына, Эсептөө палатасынын компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин жана башка ресурстардын пайдаланылышына тышкы мамлекеттик аудитти жүргүзүү процессинде пайда болгон мамилелерди, ошондой эле Эсептөө палатасынын милдеттерин, функцияларын, ыйгарым укуктарын жана ишин уюштурууну жөнгө салат.
