# Кыргызстанда Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзүлдү

- Толук аталышы: Кыргызстанда Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзүлдү
- Актынын түрү: Указ
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2025
- Редакциянын күнү: 04.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26427>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/22/26427>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26427.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргызстанда Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзүлдү (04.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26427

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыкка кол койду, ага ылайык Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын ишинин натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти деп кайра аталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;

– бул Жарлыктан келип чыгуучу тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун бир айлык мөөнөттө киргизсин;

– бул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучу, финансылык жана башка зарыл чараларды көрсүн.
