# Пезидент Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы Элчиси Актилек Мусаевага сөгүш берди

- Толук аталышы: Пезидент Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы Элчиси Актилек Мусаевага сөгүш берди
- Актынын түрү: Распоряжение
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2025
- Редакциянын күнү: 24.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26401>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/23/26401>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26401.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пезидент Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы Элчиси Актилек Мусаевага сөгүш берди (24.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26401

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги №86 “Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө” Жарлыгынын 2-пунктунун бешинчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик иш-сапарын даярдоо ишинде кытай тарапка вербалдык нотаны санкциясыз жиберүү түрүндө кетирилген одоно бузуулары, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын баарлашуусунун кызматтык этикасын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мусаева Актилек Ишенгазыевнага сөгүш берилди
