# “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

- Толук аталышы: “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2025
- Редакциянын күнү: 24.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26399>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/26399>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26399.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду (24.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26399

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү аркылуу кызматкерлердин тең салмактуулугуна жетишүү саналат.

Кабыл алынган Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:

1) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин расмий жарыяланган күндөн тартып колдонууга киргизүү;

2) “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү:

– 1-беренени иш берүүчүлөрдүн бирикмеси түшүнүгүн белгилеген абзац менен толуктоо, ага ылайык иш берүүчүлөрдүн бирикмеси – кесиптик бирликтер, кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдары, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелерде өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын билдирүү жана укуктарын коргоо үчүн иш берүүчүлөрдү ыктыярдуу негизде бириктирген коммерциялык эмес уюм деп аныкталат;

– 141 (иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү), 142 (кызматкерлердин өкүлдөрү), 143 (кызматкерлердин башка өкүлдөрү), 144 (кызматкерлердин өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары), 145 (кызматкерлердин өкүлдөрүнүн ишин камсыз кылуучу шарттарды түзүү боюнча иш берүүчүнүн милдеттери), 146 (кызматкерлердин өкүлдөрү үчүн кошумча эмгек кепилдиктери), 221 (жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартиби) – беренелери менен толуктоо;

– 18-беренени жаңы редакцияда баяндоо, анда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, макулдашууларды иштеп чыгуу жана түзүү тартиби аныкталат;

3) “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына редакциялык (тактоо) мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү;

4) “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесин жаңы редакцияда баяндоо, анда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо тартиби аныкталат;

5) “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине өзгөртүүлөр киргизилүүдө, ага ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, социалдык коргоого муктаж калктын аярлуу топторун ишке орноштурууда жумуш орундарын квоталоо өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусуз ишке ашырылат.

Аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
