# Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине кол коюлду

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине кол коюлду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2025
- Редакциянын күнү: 24.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26398>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/26398>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26398.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине кол коюлду (24.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26398

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине кол койду.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (мындан ары – Кодекс) кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын балансына жетишүүгө багытталган.

Кодекстин концепциясы менен төмөнкүлөр каралат:

– эмгек келишиминин, эмгек мамилелеринин шарттарынын тартибин жөнөкөйлөштүрүү (эмгек келишимин, эмгек ченемдерин камтыган локалдык ченемдик укуктук актыларды электрондук түрдө түзүү; электрондук эмгек китепчесин жүргүзүү);

– Кыргыз Республикасында мамлекеттик майрамдардын жана жумуш күн деп эсептелбеген майрамдардын санын кыскартуу;

– жаңы жылдык жана май айындагы каникулдарды белгилөө;

– дем алыш күндөрүн которуу ченемин жокко чыгаруу;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча атайын иш-чараларды белгилөө;

– кызматкер жумушта жаракат алган же каза болгон учурда бир жолку берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу бирдей өлчөмдөгү бир жолку компенсация төлөө;

– иш берүүчү тарабынан эмгек акыны, өргүү акысын төлөөнүн, иштен бошотууда эсептөөнүн жана башка төлөмдөрдүн мөөнөтүн бузган учурда 0,25 % өлчөмүндөгү айыптык ставканын бирдиктүү пайызын белгилөө;

– эмгек акыны өндүрүү боюнча талаш-тартыштардын эскирүү мөөнөтүн белгилөө – 3 жыл;

– мөөнөтү өтүп кеткен карызды төлөөдө пайыздык чендердин чектөөлөрүн алып салуу;

– тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишиминде аралыктан иштөө менен бирге комбинацияланган аралыктан иштөө да белгилениши мүмкүн деген ченемди киргизүү;

– кош бойлуу аялдардын, бала эмизген аялдардын оор жумуштарда жана эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу жумуштарда иштөөсүнө тыюу салган чараларды белгилөө;

– кесиптик стандарттардын негизинде аткарылган иштин санына, сапатына жана татаалдыгына жараша аныкталуучу сый акы;

– Эмгек кодексинен кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн өкүлчүлүгүнүн маселелерин жөнгө салуучу 7 беренени “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына которуу.
