# “Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

- Толук аталышы: “Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2025
- Редакциянын күнү: 24.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26397>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/26397>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26397.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду (24.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26397

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасында биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы укуктук ченемдерди, ошондой эле калкты жана айлана-чөйрөнү биологиялык агенттердин таасиринин жана заманбап биотехнология азыктарын пайдалануунун ыктымалдуу жагымсыз кесепеттеринен коргоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерди белгилейт.

Кыргыз Республикасы Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жөнүндө жана аларды жок кылуу тууралуу Конвенцияга жана Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенцияга, ошондой эле Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенциясына карата биокоопсуздук боюнча Картахен Протоколуна кошулган.

Мыйзамдын негизги милдеттери болуп калктын саламаттыгын жана айлана-чɵйрɵнү патогендүү биологиялык агенттердин таасиринин жана/же заманбап биотехнология азыктарын пайдалануунун ыктымалдуу жагымсыз кесепеттеринен коргоону камсыз кылуу; калктын саламаттыгы жана айлана-чɵйрɵ жагынан тиешелүү коопсуздук чараларын сактоо менен биотехнологияны ɵнүктүрүү жана пайдалануу; биологиялык коопсуздук коркунучтарын комплекстүү болтурбоону камсыз кылуу жана патогендүү биологиялык агенттерди жана токсиндерди, ошондой эле заманбап биотехнология азыктарын пайдалануу менен байланышкан ыктымалдуу жагымсыз кесепеттерди азайтуу саналат.
