# “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

- Толук аталышы: “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2025
- Редакциянын күнү: 22.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26393>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/26393>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26393.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду (22.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26393

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам улуттук идеологияны чыңдоого, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү жана жашоочулардын колдонуусунда болгон айрым айыл аймактардын жана айылдардын аталыштарын мыйзамдаштыруу максатында иштелип чыгып, кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Говсувар айылын Орто-Боз, Лейлек районунун Раззаков шаарынын Чимген айылын Чымкен жана Голбо айылын Алтын-Бешик, Тогуз-Булак айыл аймагынын Маданият айылын Айбике, Кыргызстандын 50 жылдыгы айылын Миң-Жыгач, Чапаев айылын Арча-Бешик, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылын Чоко-Бий, Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагын Эсеналы Дайракунов айыл аймагы, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагын Рыспай Абдыкадыров айыл аймагы, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров айылын Кенжебай, Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагынын Куру-Маймак айылын Сатыкей, Покровка айыл аймагын Семетей айыл аймагы, Покровка айылын Семетей, Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагынын Новомихайловка айылын Бообек, Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагын Кожомкул айыл аймагы, Военно-Антоновка айылын Кожомкул, Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагынын Горная Серафимовка айылын Кебек-Бий айылы деп кайра атоо каралган.

Жогоруда аталган айыл аймактардын жана айылдардын аталыштарын кайра атоо боюнча чечимдер жергиликтүү жашоочулардын жыйынында кабыл алынып, тиешелүү жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тескемелери менен жактырылган.

Мыйзам “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык даярдалган.
