# "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол коюлду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2025
- Редакциянын күнү: 20.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26385>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/26385>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26385.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол коюлду (20.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26385

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.

Аталган Макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын миграция, бир тараптын мамлекетинин экинчи тараптын мамлекетинин аймагында болгон жарандарынын укуктарын коргоону камсыз кылуу, ошондой эле өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык маалымат жана тажрыйба алмашуу жаатында өз ара кызматташуу каралган.
