# “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2025
- Редакциянын күнү: 14.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26380>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/26380>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26380.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди (14.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26380

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 12-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам менен “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын өркүндөтүүгө багытталган түзөтүүлөр киргизилүүдө, анда аталган Мыйзамдын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 3-пунктунда “мамлекеттик же муниципалдык гана менчикте турган” деген сөздөрдү алып салуу каралган.

Көрсөтүлгөн мораторий сугат айдоо жерлерин менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү объекттерин жана саламаттык сактоо объекттерин, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин, ветеринардык, фитосанитардык жана агробиохимиялык лабораторияларды курууга бөлүнгөн жерлерге которууга (трансформациялоого) жайылтылбайт.

Мындан тышкары Мыйзамдын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 8-пункту ага ылайык редакцияда баяндалып, мораторийдин таасиринен суу чарба курулуштарын курууга бөлүнгөн жерлер чыгарылат.
